Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү $2,4 млрд ашты
www
18 июль

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсү $2,4 млрд ашты

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 млрд 421,5 млн АКШ долларын түздү.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга өстү.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 3,2 пайызга кыскарып, 446,9 млн долларды түздү. Ал эми импорт 8,3 пайызга өсүп, 1 млрд 974,6 млн долларга жетти.

Натыйжада, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун көлөмү экспорттон төрт эседен ашык көп болду. Өз ара соодадагы терс сальдо болжол менен 1 млрд 527,7 млн долларды түздү.

ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү мурдагыдай эле Россия бойдон калууда. Аталган өлкөнүн үлүшүнө жалпы товар жүгүртүүнүн 67,8 пайызы, башкача айтканда 1 млрд 641,5 млн доллар туура келди.

Россияга экспорт 10,9 пайызга азайып, 248,4 млн долларды түзсө, тескерисинче импорт 10,9 пайызга көбөйүп, 1 млрд 393,1 млн долларга жетти.

Казакстан менен болгон товар жүгүртүү 721,4 млн долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 4 пайызга өстү. Кыргызстандан Казакстанга экспорт 13,1 пайызга көбөйүп, 182,9 млн долларга жетсе, импорт 1,3 пайызга өсүп, 538,5 млн долларды түздү.

Беларусь менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 57,8 млн долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 5,6 пайызга көбөйдү. Ошол эле учурда экспорт 27,5 пайызга кыскарса, импорт 26,2 пайызга өстү.

Армения менен товар жүгүртүү 37 пайызга көбөйгөнү менен, анын көлөмү азырынча анча чоң эмес — 864,1 миң долларды түздү.