Кыргызстанда пенсиялык топтомдорду алтынга, күмүшкө жана чет өлкөлүк фонддорго инвестициялоого уруксат берилди
Кыргызстандын Министрлер кабинети пенсиялык топтомдордун каражаттарын инвестициялоо боюнча жаңы эрежелерди бекитти. Тиешелүү №497 токтом 2026-жылдын 18-июлунда кабыл алынган.
Документте пенсиялык топтомдорду каржылык инструменттердин кошумча түрлөрүнө инвестициялоого уруксат берилет.
Атап айтканда, баалуу металлдарга – алтынга, күмүшкө жана платинага, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу кагаздарына, ошондой эле каражаттарын чет мамлекеттердин мамлекеттик баалуу кагаздарына жайгаштырган индекстик инвестициялык фонддордун пайларына, акцияларына жана үлүштөрүнө инвестиция салууга болот.
Токтом менен пенсиялык топтомдорду инвестициялоо эрежелери, депозитарийлерге коюлуучу талаптар, башкаруучу компанияларды тандоо тартиби, активдердин рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө методикасы, ошондой эле типтүү келишимдер бекитилди.
Министрлер кабинетинен белгилешкендей, инвестициялык инструменттердин тизмесин кеңейтүү инвестициялык портфелди диверсификациялоого, пенсиялык активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле кирешелүүлүк менен тобокелдиктерди эске алуу менен топтомдордун сакталышын жана өсүшүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Өзгөртүүлөр топтолмо пенсиялык фонддорду өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга багытталган.
