СӨПтүн президенти Эстониянын элчиси менен жолукту: көңүл борборунда — санариптик кызматташтык
22 апрель

СӨПтүн президенти Эстониянын элчиси менен жолукту: көңүл борборунда — санариптик кызматташтык

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Казакстандагы Эстониянын элчиси менен жолугушту. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын келечегин, айрыкча электрондук соода жана санариптештирүү тармактарын талкуулашты.

Темир Сариев Эстониянын санариптик технологиялар жаатындагы лидерлигин белгилеп, эстондук платформалар Кыргыз Республикасындагы ийгиликтүү санариптик демилгелердин пайдубалы болгонун айтты.

Өз кезегинде элчи тажрыйба алмашуу жана өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.