Энергетика министрлигинде жаңы инвестициялык долбоорлор талкууланды
1 сентябрь

Энергетика министрлигинде жаңы инвестициялык долбоорлор талкууланды

Бүгүн, 2026-жылдын 1-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Чэнду шаарынын Борбор Азия менен экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Дэн Бо жана «СтарОушен» компаниясынын директору Чжоу Жун менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Мирлан Парханов, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплекси департаментинин директору Тимур Орозалиев катышты.

Тараптар Нарын облусунда энергияны көп керектеген, көмүртек бөлүп чыгаруусу төмөн өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын түзүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Өзүнчө долбоорду электр энергиясы менен камсыздоо маселеси каралды. Инвестор электр берүүчү линияларды, көмөк чордондорду жана технологиялык кошулуу үчүн зарыл болгон башка объектилерди өз каражатынын эсебинен курууну пландап жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгында долбоордун энергетикалык бөлүгүн техникалык жана укуктук жактан иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ААК жана «СтарОушен Инвестмент» ЖЧКсынын ортосунда жумушчу өз ара кызматташтыкты уюштуруу тууралуу макулдашылды.