ДКО: Кырчын жайлоосуна жеке автоунаалар кирбей, конокторду коомдук транспорт акысыз ташыйт
Ысык-Көл облусунда 1-сентябрдан тарта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды.
Азыркы учурда Кырчын жайлоосуна баруучу жеке автоунааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди. Башка жолдордун бардыгы ачык, каттам жүрү жатат.
ИИМден кабарлашкандай, Кырчын жайлоосуна баруучулар үчүн акысыз коомдук транспорт уюштурулду. Жарандар жеке унааларын төмөндөгү атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга токтотсо болот:
— Бает айылы, “Чайка” эс алуу жайы;
— Бактуу-Долоноту айылы, “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплекси;
— Григорьевка айылы, муниципалдык чарбанын короосу;
— Григорьевка айылы, мектептин спорт аянтчасы;
— Семеновка айылы, чарба короосу;
— Ананьево айылынын түштүк тарабы;
— Жаркынбай айылынын түштүк тарабы, кире бериш бөлүгү.
Акысыз коомдук транспорт жогорудагы белгиленген бардык жерден кетет.
Белгилей кетсек Кырчын жайлоосуна баруучу жол коомдук транспорт үчүн бир тараптуу уюштурулду. Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин бир багытта жүрүүгө болот.
