Кыргызстанга дүйнөлүк кино жылдыздары келди, алар ДКОго катышат
1 сентябрь

Кыргызстанга дүйнөлүк кино жылдыздары келди, алар ДКОго катышат

Кыргызстанга Голливуд актрисасы Бай Лин, легендарлуу актер жана кикбоксинг боюнча 11 жолку дүйнө чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудски, ошондой эле голливуддук режиссёр Еркен Ялгашев келишти.

Алар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтчү иш-чараларга катышат. 

Сапардын уюштуруучуларынын айтымына караганда, сыйлуу коноктор "Кырчын" этношаарчасынын ачылышына жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышат.

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга легендарлуу актриса, Россиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарованын келиши да күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, дүйнөлүк кино жылдыздарын чакыруу боюнча долбоорду уюштуруучулар катары Ассоль Молдокматова жана Маданият министрлиги чыккан.