«Көчмөндөр жаңырыгы» — дүйнөнүн үнү Ысык-Көлдө жаңырат
1-сентябрдан 4-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарынын ат майданы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги маданий жана музыкалык аянтчаларынын бирине айланат.
Дал ушул жерде дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген таланттарды бир сахнага бириктирген «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт.
20 өлкө. 4 континент. 21 конкурсант. 42 чыгармачылык номер.
Европа, Азия, Америка жана Африкадан келген өнөрпоздор өз элинин маданиятын, музыкалык мурасын жана кайталангыс улуттук үнүн тартуулашат.
«Көчмөндөр жаңырыгы» — бул жөн гана музыкалык сынак эмес. Бул — ата-бабалардан калган улуу мурас менен заманбап музыканын жолугушуусу, салт менен жаңы муунду, тарых менен келечекти байланыштырган уникалдуу маданий мейкиндик.
1-сентябрда саат 20:00дө Чолпон-Ата шаарынын ат майданында фестивалдын салтанаттуу ачылышы өтөт.
Ачылыш аземинде дүйнөнүн ар тарабынан көчмөн суусун алып келген «Биримдик кербени» өтөт.
2-сентябрь — Этно-хит күнү.
Бул күнү сахнада улуттук мурас, салт жана ар бир элдин кайталангыс үнү жаңырат.
3-сентябрь — Дүйнөлүк хит күнү.
Дүйнөгө таанымал чыгармалар улуттук музыкалык боёк менен жаңыча жаңырып, көчмөн маданияты заманбап музыкалык тилде ачылат.
4-сентябрь — чоң финал!
Сынактын эң мыктылары аныкталып, жеңүүчүлөр жарыяланат жана сыйлыктар тапшырылат. Фестивалдын финалдык кечеси кыргыз жана дүйнөлүк сахна жылдыздарынын концерти менен жыйынтыкталат.
Фестивалга билеттер сатылууда!
Билеттерди nebs.gov.kg сайтынан онлайн — тез жана ыңгайлуу сатып алсаңыздар болот.
Ошондой эле билеттер Чолпон-Ата шаарынын ат майданынын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылат.
