Айгүл Жапаров төрт өлкөнүн биринчи айымдары менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына барышты
1 сентябрь

Айгүл Жапаров төрт өлкөнүн биринчи айымдары менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына барышты

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Азербайжан Республикасынын Биринчи айымы Мехрибан Алиеваны, Кытай Эл Республикасынын Биринчи айымы Пэн Лиюанды, Түркия Республикасынын Биринчи айымы Эмине Эрдоганды жана Өзбекстан Республикасынын Биринчи айымы Зироат Мирзиёеваны тосуп алды.

Маданий программанын алкагында биринчи айымдар кыргыз элинин элдик декоративдик-колдонмо өнөрүнүн чеберлеринин эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышышты.

Экспозиция ардактуу конокторду кыргыз элинин бай маданий мурасы, өзүнө таандык салттары, кылымдарды карыткан чеберчилиги жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен тааныштырды.

Ошондой эле кийизден жасалган буюмдар, салттуу тиричилик буюмдары, элдик чеберлердин эмгектери жана кыргыздын декоративдик-колдонмо өнөрүнүн ар түрдүүлүгүн чагылдырган башка эмгектер коюлду. Улуттук оймо-чиймелерге жана муундан муунга аяр сактоо менен өткөрүлүп келе жаткан салттуу кол өнөрчүлүккө өзгөчө көңүл бурулду.

Ардактуу коноктор үчүн концерттик программа да даярдалган. Чыгармачыл жамааттар жана аткаруучулар улуттук маданияттын сулуулугун, салттардын байлыгын жана кыргыз элинин меймандостугун чагылдырган музыкалык жана бий өнөрлөрүн тартуулашты.