Баткендеги мөмө-жемишти кайра иштеткен ишкана продукцияларын Казакстан жана Россияга жөнөтүүдө
9 декабрь

Баткендеги мөмө-жемишти кайра иштеткен ишкана продукцияларын Казакстан жана Россияга жөнөтүүдө

Баткен районунун Самаркандек айылында мөмө-жемишти кайра иштеткен ишкана иштеп жатат. 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, ишкана күнүнө 2 тонна мөмө-жемишти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ишкана жергиликтүү ишкер тарабынан түптөлгөн. Мында кургатылган мөмө-жемиштер атайын техниканын жардамы менен жуулуп, кургатылып, андан соң таңгакталат.

Кургатылган мөмө жемиштер жергиликтүү багбандардан сатып алынат.

Даяр продукция жергиликтүү дүкөндөргө жана Казакстанга, Россияга сатылып жатат. Ишканада 12 жумуш оруну түзүлгөн.

Ишкана 31-август Эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилген. Жалпы 20 млн сомго жакын каражат жумшалган.

Баткен районунунун аймагында бүгүнкү күндө мөмө-жемиштерди жууп-тазалап кайра иштетүүчү эки ишкана толук кандуу иштеп жатат.

Жакынкы күндөрү дагы бир кайра иштетүүчү муниципалдык ишкананын ишке кирүүсү күтүлүүдө.