"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 1 млн сомдон ашык суммадагы эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду
20 май

"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда 1 млн сомдон ашык суммадагы эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, Renault үлгүсүндөгү жүк ташуучу автотранспорт каражатын текшерүү учурунда коштомо документтерде көрсөтүлбөгөн товарлар: аялдардын косметикалык каражаттары, кийим-кече, чач жуучу жана чачка кам көрүүчү каражаттар, ошондой эле башка эл керектөөчү товарлар аныкталды.

Алдын ала баалоо боюнча аныкталган эсепке алынбаган товарлардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түздү.

Бул факты боюнча административдик айып салынды.

Ошондой эле аныкталган товарлар боюнча камералдык салыктык текшерүү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында тиешелүү салык төлөмдөрдү кошумча эсептөө, ошондой эле мыйзамдарда каралган санкцияларды жана туумдарды колдонуу каралган.