
Кыргызстан Азия-Тынч океан чөлкөмүнүн маалымат супермагистралын жетектейт
2024-жылдын 25-26-сентябрындагы Түштүк Кореяда өтүп жаткан ARIS демилгесинин Сегизинчи сессиясында Кыргызстан Жетектөөчү комитетке төрага болду!
Бул өлкө үчүн абдан маанилүү кадам, себеби Кыргызстан биринчи жолу ушундай жогорку позицияга ээ болду. Биздин өлкөнүн атынан иш-чарага санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева катышып жатат.
Мүмкүнчүлүктөр: - Алдыңкы санариптик практикаларга жеткиликтүүлүк; - Эл аралык байланыштарды чыңдоо; - Санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүдөгү жигердүү аракеттер.