Кыргызстанда IT, жасалма интеллект жана стартаптар үчүн жаңы салыктык жеңилдиктер берилет
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, IT тармагынын өкүлдөрүнө, ошондой эле креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенген субъекттерге бир катар салыктык жеңилдиктер берилет.
Аталган документке ылайык, төмөнкү категориялар 5 жылдык мөөнөткө салыктарды төлөөдөн бошотулат:
– IT чөйрөсү;
– жасалма интеллектти иштеп чыгуучулар;
– тиркемелерди иштеп чыгуучулар;
– блогерлер;
– чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштеген кызматкерлер;
– стартаперлер;
– кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын өндүрүү менен алектенгендер;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу креативдүү жана чыгармачылык ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.
Мындан тышкары, аталган категориялар үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Бул чара Кыргызстандын IT, жасалма интеллект жана креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча аймактык борборлордун бири болуп калыптанышына өбөлгө түзүп, дүйнөнүн ар тарабынан таланттуу адистерди, инновациялык компанияларды жана инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле мындай салыктык жеңилдиктер жаңы стартаптардын жана инновациялык долбоорлордун санын көбөйтүүгө, инвестицияларды тартууга, жаштар жана жогорку квалификациялуу адистер үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун арттырууга өбөлгө түзөт.
Жеңилдетилген салык режими ишкерлерге бизнести өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды киргизүүгө жана ата мекендик компаниялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көбүрөөк каражат багыттоого жардам берет.
