Кыргызстанда жүзүмдүн түшүмдүүлүгү 18,5 %га жогорулады
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жүзүмчүлүк тармагында оң динамика байкалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жалпы түшүм 1 530,2 тоннаны түзүп, былтыркы жылга караганда (1 291,6 тонна) 18,5 %га көбөйдү.
Республика боюнча орточо түшүмдүүлүк 1 гектарга 23,2 центнерди түзүп, 2023-жылдагы 19,4 центнерге салыштырмалуу 19,6%га жогорулаган.
Тармакты мындан ары өнүктүрүү максатында, 2025-жылдын январь–май айларынын аралыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Сербия мамлекетинен 60 000 даана сапаттуу жүзүм көчөтүн алып келген. Көчөттөр тиешелүү карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, вируссуз жана техникалык сорттордун негизинде тандалып алынган.
Мындан тышкары, Баткен облусунун Лейлек районунда жүзүмчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелер ишке ашырылууда. Жаңы-Жер айыл аймагында “Достук Кадырбек” айыл чарба кооперативи “Аватар” сорту боюнча көчөт өндүрүүдө, ал эми “Элдик түшүм Жаңы-Жер” кооперативи “Кишмиш” сортуна адистешкен. Райондо Аватар, Маникюр фингер жана Кишмиш сортторунун көчөттөрүн өстүрүүгө багытталган жаңы питомник да уюштурулууда.
Бул иш-аракеттер жүзүмчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана дыйкандарды сапаттуу отургузуучу материалдар менен камсыз кылууга багытталган.
