Ош: Курулуш талаптарын бузган компанияга 200 000 сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш обьектилери туруктуу негизде көзөмөлдөнүүдө.
Анын алкагында Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылы Ч.Сулайманов көчөсү 68 дарегинде жайгашкан социалдык фонд имаратынын курулуш-монтаждоо иштеринде курулуш ченемдери жана техникалык талаптарынын толук сакталбагандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзуп жаткан “Табан” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча көрсөтмө берилди.
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды жана жеке ишкерлерди курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш ченемдеринин жана техникалык талаптардын сакталышын так камсыздоого чакырат.
