Оштун мэри ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маселесин талкуулады
Ош мэриясы
12 март

Оштун мэри ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маселесин талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күн мурун, 11-мартта ap тармакта иш алып барган бизнес өкүлдөрүнө жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Жанарбек Акаев өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттердин алкагында Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин жана ыраазычылыгын билдирип, ишкерликти жүргүзүүдө кездешкен айрым маселелерди да көтөрүштү.

Мэр көтөрүлгөн маселелерди кароо жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын билдирди.