Сүрөт ачык булактардан алынды
28 июль
Кыргызстандын курулуш тармагы дээрлик 70% өстү
2026-жылдын биринчи жарымында курулуш тармагы Кыргызстандын экономикасында эң тез өсүп жаткан тармактардын бири болду.
Тармактагы өндүрүш көлөмү 81 миллиард 744,6 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь–июнь айларына салыштырмалуу 69,6%га өстү.
Курулуштун ИДП түзүмүндөгү үлүшү 6%дан 8,5%га чейин көбөйдү.
Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын биринчи жарымында курулуш тармагынын көлөмү 45 миллиард 714,8 миллион сомду түзгөн.
Ушул эле мезгилде өнөр жай тармагы 12,8%га өсүп, 196 миллиард 225,4 миллион сомго жетсе, айыл чарба тармагы 4,3%га өсүп, 47 миллиард 134,4 миллион сомду түздү.
Маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети келтирди.
