Талас районунда уяң жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды
26 август

Талас районунда уяң жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен Талас районунун Беш-Таш айыл аймагына караштуу Көк-Кашат айылында уяң жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачылды.

Учурда ишкана жергиликтүү тургундардан жүн сатып алып, күнүнө 200 кг жүн иштетүү менен кыргыздын боз үйүнүн кийиздерин даярдоодо жана өз ишмердүүлүгүн активдүү улантууда. Бул долбоор айыл тургундары үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүп, айыл чарбасында өндүрүштүк чынжырды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Уяң жүндүн кайра иштетилиши кыргыздын салттуу буюмдарын – кийиз жана боз үй буюмдарын өндүрүүнү көбөйтүүгө, ички рынокту камсыз кылууга жана айыл чарба продукциясын кошумча баада сатууга чоң мүмкүнчүлүк түзүүдө.