Кыргызстанда 2026-жылдан тартып алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулайт
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата колдонулуп жаткан акциз салыгынын ставкалары жогорулай турганын эскертет.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт.
