Касымов: Кыргызстанда туристтик ишмердүүлүккө лицензия кайрадан киргизилиши мүмкүн
2026-жылы Кыргызстандын “Туризм жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилет. Учурда бул боюнча эл аралык жана атамекендик эксперттер иштеп, сунуштар каралууда. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов билдирди.
Ал Кыргызстандын АКШнын “Нью-Йорк Таймс” гезити тарабынан дүйнөдөгү саякаттоого ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кириши жөн жерден эместигин белгилеп, “мындай баанын артында чоң эмгек тураарын” айтты.
“Кыргызстанда “Туризм жөнүндө” мыйзам 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери болгону 3-4 жолу өзгөртүү киргизилген экен, бирок заман өзгөрүүдө, бир ордунда турбайт, мыйзам эскирди. Ошондуктан быйыл жаңыланууну мыйзамдан баштасакпы деп турабыз. Улуттук кызыкчылык, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен иштеп чыгууга киришебиз”, – деди ал.
Айтымында, киргизилчү өзгөртүүлөр төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
- туристтик ишмердүүлүккө лицензияны кайра киргизүү;
- гиддерди сертификациялоону киргизүү.
“Туризм жаатындагы ишкерчиликке лицензия берүү 2003-жылы жокко чыгарылган. Бүгүнкү күндө туристтик ишмердүүлүк менен алектенем деген адам юстиция органдарына барып, катталып, реестрге туруп иштей берет. Бирок азыр туристтик ишмердүүлүктү жөнгө салуу максатында лицензияны киргизсекпи деген ойдо турабыз. Анткени, бул иш адам баласынын өмүрү менен байланышкан ишмердүүлүктөрдүн бири. Андан тышкары лицензиялоо атаандаштыкты чыңдайт”, – деди ал.
Касымов белгилегендей, гиддерди сертификациялоо атамекендик гиддер үчүн пайдалуу болот.
“Кыргызстан чынында экономикада, ишкерчиликте либералдуу болгондуктан, башка өлкөлөрдүн гиддери келип бизде иштей алат, а биздин гиддер башка өлкөлөргө барып иштей алышпайт. Андан сырткары тарыхыбызды бурмалоого жол бербөө үчүн гиддерди үйрөтүүчү сертификацияны жөнгө салсакпы деп турабыз”, – деди Эрденет Касымов.
