Экономика жана коммерция министрлиги Wildberriesдин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууда
28 июль

Экономика жана коммерция министрлиги Wildberriesдин айланасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ишкерлерди колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууда

2026-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланованын төрагалыгы алдында ишкерлерди жеңилдетилген шарттарда насыялоо долбоорун ишке ашырууга катышкан финансы-кредиттик уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Wildberries маркетплейсинин айланасында түзүлгөн кырдаалдын ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, анын ичинде тигүү тармагынын ишканаларынын ишмердүүлүгүнө тийгизген таасири, ошондой эле ишкерлердин финансылык жүгүн азайтуу боюнча мүмкүн болуучу чаралар талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалдан улам финансылык кыйынчылыктарга туш болгон тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартууга багытталган конкреттүү кадамдар аныкталды.

Сунушталып жаткан чаралар кредиттик жүктү азайтууга, ишканалардын туруктуу ишин камсыз кылууга, өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын сактоого багытталган.