МСК тажик делегациясына салык системасындагы санариптик трансформация боюнча тажрыйбасын сунуштады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзода жетектеген делегация менен болгон жумушчу жолугушууда өлкөнүн салык системасындагы санариптик трансформация тууралуу айтып берди.
Жолугушуу Тажикстандын премьер-министринин биринчи орун басары Хоким Холикзоддун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлүп, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдөөгө багытталган.
Кеңешменин негизги темалары салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик бюджет маселелери болду.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков делегация менен учурашып, бул жолугушуу жемиштүү болоруна ишенимин билдирип, эки коңшу өлкөнүн өз ара кызматташуусу, билим жана тажрыйба алмашуусу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Салык кызматынын өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан салык реформалары жана салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында санариптик технологияларды колдонуу тууралуу презентация өткөрүштү.
Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн салык системасына байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча суроо-жооп форматында пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап салык чөйрөсүндө кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.
