Президент: Электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүүдө
15 декабрь

Президент: Электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүүдө

Электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирген.

Президент журналисттин суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө электр энергиясынын дефицити азыркы учурда 3,9 млрд кВт саат экендигин айткан.

"2020-жылы биз бийликке келгенде эле кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясы тартыштык бар болчу. Бул эмнеден улам келип чыккан тартыштык? Анткени 30 жылда бир дагы ГЭС салынган эмес. 30 жылдын ичинде жок дегенде жыл сайын кубаттуулугу 30 МВт болгон бирден чакан ГЭС куруп турганда кышкысын мынчалык каатчылык болмок эмес", - деп, акыркы эки жылдан бери ГЭСтер, шамалдан, күндөн алуучу энерго булактары массалык түрдө салынып жаткандыгын айткан. 

Садыр Жапаров акыркы 3-4 жылдын аралыгында бир катар социалдык объекттер салынгандыгынан, электр энергиясына болгон муктаждык жыл сайын өсүп жаткандыгын билдирди.