Кыргызстандагы ар бир он биринчи тамеки мыйзамсыз болуп чыкты
17 июль

Кыргызстандагы ар бир он биринчи тамеки мыйзамсыз болуп чыкты

Кыргызстанда 2025-жылдын үчүнчү чейрегинин жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз сатылган тамекинин базардагы үлүшү 9 пайызды түздү.

Мындай маалымат тамеки буюмдарына минималдуу бааларды жогорулатуу боюнча мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта келтирилип, NielsenIQ изилдөөсүнө шилтеме жасалган.

2025-жылы салык кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы болжол менен 6,7 млн сом болгон 50 миң 452 куту тамекини алып коюшкан.

Документте Бишкек шаарында жана башка аймактарда акциздик маркасы жок Oris, Mondeo, Zumeret, Raizon, Like, Madrid, Prestige, Milano, Fast жана Rothmands бренддериндеги тамекилер сатылып жатканы белгиленген.

Долбоордун авторлорунун маалыматына ылайык, аныкталган мыйзамсыз продукциялар үчүнчү өлкөлөрдө, анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында жана Сербияда өндүрүлгөн.

Ошондой эле айрым маркадагы тамекилер Бажы биримдигинин техникалык регламенттерине шайкештиги боюнча текшерүүдөн өтпөгөнү белгиленет.

Ошол эле учурда 2025-жылы Кыргызстанда тамеки буюмдары үчүн 180,05 млн даана акциздик марка берилген. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 19,4 пайызга көбөйгөн.

Акциз салыгынан түшкөн каражат 10,8 млрд сомго жетип, бир жыл ичинде 30,5 пайызга өскөн.