Тармактык комитетте бир катар макулдашууларды ратификациялоо маселеси каралды
23 июнь

Тармактык комитетте бир катар макулдашууларды ратификациялоо маселеси каралды

Бүгүн, 23-июнда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «2026-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кытай Эл Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, колдоду. 

Аталган макулдашууга ылайык, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы тарабынан 2,075 млн юань (306,9 млн АКШ доллары) өлчөмүндө жеңилдетилген шарттарда насыя берилет. Анын ичинен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү насыя боюнча пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 730 млн юань өлчөмүндө милдеттенме алат. Андан тышкары, насыя 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил менен жылдык 1,5 пайыздык үстөк чен боюнча алынууда. Ал эми төлөмдөр жылына эки жолу жүргүзүлөт.