«Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
18 сентябрь

«Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. 

Анын максаты электрондук соода товарларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди регламенттөө, аларды жөнгө салуу, 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарынын деңгээлинде жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жакшыртуу болуп саналат.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Эльдар Абакиров электрондук соода товарларын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бир катар жагдайларды такташты. 

Мындан тышкары эл өкүлдөрү Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карап, колдоого алды. Алар:

– «1982-жылдын 10-декабрында Монтего-Бэйде кабыл алынган Бириккен Улуттар Уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда;

– «2025-жылдын 17-июлунда кол коюлган Бириккен улуттар уюмунун Деңиз укугу боюнча конвенциясынын негизинде Улуттук юрисдикция колдонулган чектерден тышкары аймактарда деңиз биологиялык түрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда;

– «2025-жылдын 8-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын биринчи каржылоо» каржылоосу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда