Брюсселде Кыргызстаннын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация өттү
17 март

Брюсселде Кыргызстаннын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация өттү

Брюсселде 14-мартта Евробиримдиктин «Global Gateway» демилгесинин алкагындагы тегерек столдо Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Бул иш-чараны Бельгиянын Тышкы иштер Федералдык кызматы жана Борбор Азия мамлекеттеринин Брюсселдеги элчиликтери биргелешип уюштурган.

Тегерек столго уюштуруучулардан тышкары Бельгиянын 30дан ашык жеке компаниялардын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, анын ичинде Бельгиянын Борбордук Азия жана Туштук Кавказдагы элчилери, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктын кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, тегерек столдун иши Бельгиянын тышкы саясат мекеменин эки тараптуу кызматташуу боюнча Башкы директору Б.Стивенс аыймынын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына байланыштуу куттуктоосу менен башталды.

Өз кезегинде элчи А.Эркин иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын энергетика, транспорт, айыл чарба жана туризм тармактарынын, ошондой эле тоо-кен өнөр жайынын потенциалы менен тааныштырды. Мындан тышкары, жеке инвесторлорду жана алардын Кыргыз Республикасындагы инвестицияларын коргоонун укуктук аспектилерине көңүл бурулду.

Ошону менен бирге, чогулгандарга Бишкектин Тоо демилгелери жана 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги тууралуу маалымат берилди.

Ишчаранын аягында Бельгиянын Тышкы иштер Федералдык кызматынын өкүлдөрү тегерек столдун жыйынтыктоочу корутундусу катары Кыргызстандын презентациясынын «Жибек жолун кайрадан улуу кылалы» тезисин колдонууну сунушташты.