Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды
18 сентябрь

Салык салуу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды

Бүгүн, 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда кабыл алынды.

Жыйында баяндама жасаган Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу болуп саналат.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. 

Мыйзам долбоорун Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты өздүк өндүрүштүн негизги социалдык маанидеги азыктары менен өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандыруу болуп эсептелет.