Кыргызстанда пахта аянттары кеңейүүдө
3 декабрь

Кыргызстанда пахта аянттары кеңейүүдө

Суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында пахта талааларын тамчылатып сугаруу системасына киргизүү колго алынып, анын аянты кеңейүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбордук Азиянын борборунда жайгашкан, суулары таза, тоолору бийик, органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө жагымдуу климаттык шарттары бар кооз өлкө.

Биздин өлкөдө экологиялык жактан таза, даамдуу жана сапаттуу продукциялар өндүрүлөт, мындан сырткары  Кыргызстанда органикалык пахта дагы өстүрүлөт.

Пахтадан ден соолукка пайдалуу, аллергиялык жактан зыяндуу эмес кийимдер тигилет.

Кыргызстанда өндүрүлгөн пахтанын дагы бир өзгөчөлүгү ГМОсуз (genetically modified organism)   жергиликтүү сорттордун  сакталып калышында. Жаңы технологияларды колдонуу,  пахтаны өндүрүүдө жакшы көрсөткүчтөргө жеткирип жатат.