ЕАЭБ: бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдетер киргизилди
4 февраль

ЕАЭБ: бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдетер киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши бодо малдын этин импорттоого тарифтик жеңилдик берүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык, 2026-жылдын 31-декабрына чейин ЕАЭБ аймагына 5 миң тоннага чейинки көлөмдө эт импорттоого жеңилдетилген шарттар колдонулат.

Тарифтик жеңилдик жаңы жана муздатылган этке (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 0201), ошондой эле тоңдурулган этке (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 0202) тиешелүү.

Белгилей кетсек, бул жеңилдик ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тастыктоочу документтин негизинде гана колдонулат.

Документте импорттоочу уюмдардын тизмеси, продукциянын номенклатурасы жана көлөмү так көрсөтүлүшү зарыл.

Маанилүү шарттардын бири – импорттолгон эт жалаң эт продукциясын өндүрүү үчүн, кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан колдонулушу керек. Ошол эле учурда, бул эттен даярдалган продукцияны ЕАЭБдин башка мамлекеттерине чыгарууга тыюу салынат.

Мындай чечим ички рынокту сапаттуу чийки зат менен камсыздоого, кайра иштетүү тармагын колдоого жана баа туруктуулугун сактоого багытталган. Мындай чаралар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.