Соцфонд жыл башынан бери 55 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
КР Социалдык фонду 2025-жылдын январь-ноябрь айларында 55 322 жаранга пенсия чектеди.
Анын ичинде ноябрь айында:
3198 жаранга пенсия чектелди;
1629 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде).
