Салык менен таза шайлоонун кандай байланышы бар? МСК төрагасы түшүндүрдү
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салыкчылар салык гана чогултарын, ал эми ошол чогулган каражатты эл өзү бөлүштүрөөрүн билдирди.
“Биринчи радиого” берген маегинде өлкөнүн башкы салыкчысы каражаттын канчалык деңгээлде туура бөлүштүрүлөөрү шайлоодо элдин туура тандоо жасарына да байланыштуу болот деп эсептейт.
“Биз салык төлөөчүлөргө маалымат жеткирип, жардам берип салык топтойбуз. Бирок акча биздин кампабызга келип түшпөйт, ал элдин казынасына түшөт. Быйыл 330 миллиард сом салык топтойбуз деген ниетибиз бар, бирок андан дагы ашып, 360 миллиард сомду чапчыйбыз го деп турабыз. Анан бул акчалар кайда кетет? Кээ бирлер айтышат: “Мен салык төлөп жатам, аны силер аласыңар” деп. Жок, бул акчаны эл бөлүштүрөт. Мисалы, Ат-Башыга мектеп, Ошко оорукана салалы, пенсияны көтөрөлү дешет. Бир жылдык элдин ырыскысын тең салмактуу өздөрү бөлүштүрүп алышат”, – деди Шыкмаматов.
Ал белгилегендей, эл казынадагы каражатты бөлүштүрүү процессине Жогорку Кеңешке шайлаган өкүлдөрү аркылуу катышат.
“Парламент бюджетти бекитет. Анын артында эл турат. Депутаттардын миодети элдин ырыскысын туура бөлүштүрүү жана ал туура ишке ашып жатабы, ошону көзөмөлдөө. Ошондуктан акчага шайлабагыла, татыктууларды шайлагыла деп какшап атпайлыбы. Адамдардын шайлоо укугу жана шайлоо жоопкерчилиги деген ушу. Өзүбүз шайлагандан кийин эл өкүлдөрү бюджетти канчалык туура бөлүштүрсө – бул биздин утуш, андай кыла албаса, аларды шайлаган өзүбүздө күнөө”, – деди Алмамбет Шыкмаматов.
