Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы түз аба каттамы ишке кирди
2025-жылдын 7-декабрында Индира Ганди атындагы эл аралык аэропортунда (Нью-Дели) «Tez Jet» (Кыргызстан) авиакомпаниясынын Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы түз үзгүлтүксүз каттамынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Бешимов катышты.
Бул каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланышты бекемдөөдө, ишкердик жана туристтик сапарларды жеңилдетүүдө, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.
Каттамдар заманбап жана ыңгайлуу аба кемелери менен жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат.
