Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүүнү пландоодо
www
11 март

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүүнү пландоодо

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүү институтун ишке киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бул системаны киргизүүнү караган Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгууда.

«Жаңы система чакан жана ири бизнеске тең колдонулат. Рейтинг бир катар критерийлердин негизинде түзүлөт. Алардын катарына салыктарды толук жана өз убагында төлөө, мыйзам бузуулардын жоктугу, отчетторду так берүү, ошондой эле жумуш орундарын түзүү сыяктуу көрсөткүчтөр кирет», — деди Кубанычбек Ысабеков.

Ал эгер салык төлөөчү салыктарды өз убагында жана толук төлөсө, мыйзам бузууларга жол бербесе, отчетторду так тапшырып, ишмердүүлүгүн туруктуу жүргүзүп, жумуш орундарын көбөйтүп турса, анда ага жогорку рейтинг ыйгарылышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Ошондой эле көрсөткүчтөрдүн бири катары салыктык жүк да каралышы мүмкүн. Башкача айтканда, компания өз тармагы боюнча орточо деңгээлден төмөн эмес көлөмдө салык төлөгөн учурда бул да эске алынат.

Салык кызматынын төрагасынын орун басарынын айтымында, жогорку рейтингге ээ болгон бизнес үчүн мамлекет кошумча колдоо чараларын карашы мүмкүн. Тактап айтканда, текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, жеңилдетилген насыяларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана өзүнчө колдоо программаларын ишке киргизүү тууралуу сөз болууда.

«Эгер эсеп-фактуралар боюнча жана жалпы система боюнча компанияда баары тартипте болуп, мыйзам бузуулар жок болсо, анда текшерүү жүргүзбөй эле коюуга, жеңилдетилген насыяларды берүүгө же өзүнчө колдоо программаларын иштеп чыгууга болот», — деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, келечекте бул ыкма кеңейтилип, ишкерлердин жалпы рейтингине айланышы мүмкүн. Анда салык тартиби менен катар компаниянын жалпы ишкердик статусу да эске алынат.

Ошондой эле ал келечекте мүмкүн болгон критерийлердин катарына бизнестин социалдык жоопкерчилигинин элементтери да киргизилиши мүмкүн экенин кошумчалады. Тактап айтканда, кайрымдуулук жардамы жана калктын социалдык жактан аяр катмарларын колдоого катышуусу сыяктуу факторлор да каралышы ыктымал.