Финансы министрлигинде Кытай агенттигинин менен жолугушуу өттү
2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы гранттык жана техникалык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Министр Руслан Суйналиев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматташтык кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин белгиледи. Ал акыркы жылдары гранттык жардамдын алкагында транспорттук инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, коомдук коопсуздук жана мамлекеттик башкаруу тармактарында бир катар маанилүү долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылганын баса белгиледи.
Жолугушууда даярдык баскычында турган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарында «Бедел» автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, Суу ресурстары кызматы үчүн атайын техникаларды жеткирүү, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле ветеринардык, фитосанитардык жана азык-түлүк лабораториясын куруу долбоорлору бар.
Ошондой эле, министр долбоорлорду макулдашуу жана ишке ашыруу процесстерин тездетүүнүн, техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоого колдоо көрсөтүүнүн жана кадрларды даярдоо багытындагы кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүгө, гранттык кызматташууну кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
