8 логистикалык борбор, 54 ишкана: Ош облусунда кайра иштетүү жаңы этапка чыгат
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25 пайызга жеткирүүнү максат кылууда. Бул багытта республика боюнча жалпы 385 кайра иштетүү ишканасын түзүү пландаштырылган.
Ош облусу боюнча өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгынын абалына жүргүзүлгөн талдоонун негизинде 8 соода-логистикалык борборду (СЛБ) жана 53 кайра иштетүү ишканасын ачуу мерчемделүүдө. Жаңы ишканалар облусунун климаттык жана географиялык шартына ылайык өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүүгө багытталат. Алар жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, жүзүм, сүт, эт, жүн жана күрүч тармактарын камтыйт.
Райондор боюнча пландар:
- Кара-Суу району – 1 СЛБ, 10 кайра иштетүү ишканасы;
- Ноокат району – 1 СЛБ, 8 кайра иштетүү ишканасы;
- Кара-Кулжа району – 4 кайра иштетүү ишканасы;
- Алай району – 1 СЛБ, 4 кайра иштетүү ишканасы;
- Араван району – 1 СЛБ, 6 кайра иштетүү ишканасы;
- Өзгөн району – 2 СЛБ, 6 кайра иштетүү ишканасы;
- Чоң-Алай району – 5 кайра иштетүү ишкана;
- Ош шаары – 1 СЛБ, 3 кайра иштетүү ишкана.
Бул пландар район жана айыл аймактарын толук камтыйт. Аймактардын адистешүүсү эске салынып, ишканалардын туруктуу чийки зат менен камсыздалышы каралган. Натыйжада айыл чарба продукциясынын жоготуулары кыскарып, жаңы жумуш орундар түзүлүп, агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.
Министрлик бул иш-чараларды жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырып, Ош облусунун агроөнөр жай потенциалын жана жалпы региондордун экономикалык өсүшүн колдоого багыттоодо.
Жыйынтыгында: Министрлик белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу алкагында өлкөдөгү ишкерлерди жана потенциалдуу инвесторлорду кызматташтыкка чакырат. Бул демилгелер аймакта кайра иштетүү тармагын жана агробизнесин өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
