Бакыт Төрөбаев: «Күздүк талаа жумуштарына жакшы көңүл буруу керек»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды жана фермерлерди күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Министрдин айтымында, өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жер бар, анын 800 миң гектары – сугат, 400 миң гектары – кайракы жерлер. Бирок учурда күзгө карата жүргүзүлө турган иштер өтө жай жүрүүдө.
Абал кандай?
• Сугат жерлердин ичинен 62,2 миң гектарда гана күздүк айдоо жана себүү иштери аткарылган.
• Ным топтоо – болгону 16 миң гектарда.
• Жалпы 800 миң гектардын 78 миң гектары гана иштелген – 10%га жетпейт.
• Кайракы 400 миң гектардын 75 миң гектарында гана иштер жүргүзүлгөн – 18%.
Министр бул көрсөткүчтөрдү өтө төмөн жана кооптуу деп белгиледи.
Климаттык тобокелдик өсүүдө
Бакыт Төрөбаев климаттык шарттардын туруксуздугуна токтолуп, мындай деди:
«Жазында жаан-чачын аз болуп калышы мүмкүн. Кар да аз жаашы ыктымал. Андай болсо суу тартыштыгы күчөйт. Азыр ным топтобосок – жазында түшүм аз болот».
Ал дыйкандарды өзгөчө кайракы жерлерде ным топтоо, тондурма айдоо, майда арыктар аркылуу сууну кармоо иштерин тездетүүгө чакырды.
Министр климаттын туруксуздугу шартында ным топтоонун мааниси түшүмдүүлүккө түздөн-түз таасир этерин белгиледи.
