Кыргызстан менен Румыниянын ортосунда салыктык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды
2026-жылдын 23–26-февралында Бухарест шаарында Кыргызская Республикасы менен Румыниянын расмий делегацияларынын ортосунда кирешеге салынуучу салыктар боюнча кош салык салууну жоюу жана салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо тууралуу Макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Макулдашуунун долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар аталган Макулдашуунун долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашышты.
Бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Макулдашуунун долбоору ар бир тараптын мыйзамдарында каралган бардык зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандан кийин кол коюлат.
Түзүлүп жаткан Макулдашуунун негизги максаты — эки өлкөдө иш алып барган чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине карата кош салык салууну жоюу болуп саналат. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен Румыниянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашуулар Кыргыз Республикасынын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу инструменттеринин бири катары каралат.
Мындан тышкары, документ бир мамлекеттин резиденттерин экинчи келишим түзгөн мамлекеттин аймагында дискриминациялык салык салуудан коргоого, салыктарды төлөөдөн качууну жана Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну алдын алууга, ошондой эле эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
