Сузак районунда 3 326 гектардан күрүчтүн түшүмдүүлүгү 60 центнерге жетет деп болжолдонууда
26 август

Сузак районунда 3 326 гектардан күрүчтүн түшүмдүүлүгү 60 центнерге жетет деп болжолдонууда

2025-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күрүч эгини 3 326 гектар жер аянтына айдалып, учурда түшүм жыйноо жумуштары башталды. Райондогу дыйкандар өткөн жылы орто эсеп менен гектарынан 50 центнерден түшүм алышкан болсо, быйыл түшүмдүүлүк 60 центнерге чейин жетери күтүлүүдө.

Күрүч оруу-жыйноо иштерине 46 комбайн каралган, анын ичинен 42 даанасы толук ишке даяр. Бул техника райондогу дыйкандарга түшүмдү өз убагында жана сапаттуу жыйнап алууга чоң жардам бермекчи.

Учурда Сузак айыл аймагына караштуу Садда жана Камыш-Башы айылдарында күрүч жыйноо кызуу жүрүп жатат. Калган айыл аймактарында оруу иштери аба ырайына жана өсүмдүктүн бышуу даражасына жараша улантылат.

Сузак району Кыргызстандын күрүч өндүрүүчү негизги аймактарынын бири болуп саналат. Айыл чарбасындагы бул багыт жергиликтүү дыйкандардын киреше булагын гана камсыз кылбастан, район экономикасынын өсүшүнө да салым кошууда. Быйыл түшүмдүүлүктүн жогорулашы дыйкандарга кошумча киреше алып келип, ички рыноктогу күрүчтүн көлөмүн көбөйтөт деп күтүлүүдө.

Райондук агрардык тармактын өкүлдөрү белгилегендей, соңку жылдары жер семирткичтерди туура колдонуу, агротехникалык эрежелерди сактоо жана заманбап айыл чарба техникаларын пайдалануу дыйкандардын түшүмүн арттырууга өбөлгө түзүп жатат.