Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
16 июль
Сокулук районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери жүрүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводунун Чүй облусунда 700 гектар жери бар.
Ал жерде буудай, арпа, жүгөрү, беде, кант кызылчасы жана башка эгиндер айдалган.
Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери активдүү жүрүп жатат.
100 гектар аянттагы арпа жыйналып бүтсө, 180 гектар жердеги буудайды оруп-жыйноо иштери жүрүүдө. Аталган аянттын 70 гектары Россия Федерациясынан алып келинген Алексеич сортундагы буудай болуп эсептелет.
Буудайды үрөнгө жана саттыкка кылып экиге бөлүп, кампага жыйнап жатышат.
Завод эгиндин бардык түрүнөн жогорку түшүм алууну пландоодо.
