Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык – Садыр Жапаров 
27 февраль

Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык – Садыр Жапаров 

Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 27-февралда “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымына караганда, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө каражат, технология жана ык-амал, билим жаатында салым салууга даярмын дегендерге максималдуу түрдө жагымдуу шарттар түзүлөт. 

"Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, мыйзамдар жакшыртылды. “Иш кылам, өзүнө да, мамлекетибизге да пайда келтирем” деген ишкерлер мыйзам менен коргоого алынгандыгын жана мамлекеттин колдоосун сөзсүз сезет", – деди ал.

Мамлекет башчысы ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын дагы бир жолу эскертти.

Белгилей кетсек, иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышууда.