Бензиндин кымбатташынын себептери айтылды: Жакынкы Чыгыштагы жаңжал жана импорттон толук кандуу көз карандуулук
Кыргызстанда бааларды туруктуу кармоого бардык аракеттер жасалууда. Бирок ошол эле маалда мисалы, күйүүчү-майлоочу май сыяктуу импорттук товарлардын наркын бир калыпта кармап туруу мүмкүн эмес. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
“Азыр элдин тынчсыздануусу – эртеңки күнү баалардын туруктуулугу кандай болот деген суроо экени белгилүү. Биз бардык аймактык бөлүмдөрүбүз менен күн сайын бааларга мониторинг жүргүзүп, Экономика жана коммерция министрлигине, Министрлер Кабинетине маалымат берип турабыз. Азырынча баа көтөрүлөт деп кооптонууга негиз жок, айрым сезондук факторлорду эске албаганда”, - деди ал.
Бейше Сатыгулов өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын көтөрүлүшү – бул негизинен импорттук продукция болгонунан улам экенин белгиледи.
“Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бергенге аракет кылайын: Жакынкы Чыгыштагы жаңжал дүйнөлүк баага, анын ичинде бизге таасирин тийгизди. Биз күйүүчү-майлоочу материалдарды Россиядан алабыз, анткени өзүбүздө өндүрүлгөн материалдар: К2, К3 стандартка туура келбейт, бизде К5, К6 иштетилиши керек. Ошентип, бул материалдардын 95-96 пайызы орус жергесинен келет”, - деди башчы.
Сатыгулов 2025-жылдын декабрь айында дизелдик отун 76 сом болгонун, 2026-жылдын январында 73 сомго арзандаганын айтты. Анын себеби – декабрь айынын аягында Россиядан жеңилдетилген баа менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү болгон. Ал эми азыр дизелдик отун 8 сомдон 10 сомго чейин, а бензин маркасына карата 4-5 сомго кымбаттады.
“Бизге эмнеге бааны туруктуу кармабайсыңар деп кайрылгандар болот. Казакстан менен салыштырышат: ал жакта бензин 50 сомдун тегерегинде болсо, бизде 80 сомго чыгып кетти дешет. Мурда бир тонна күйүүчү-майлоочу материалдарды 740 долларга алсак, азыр 1250 долларга алып жатабыз. 65 пайызга өстү. А бензин дизелдик отунга караганда анчалык көп көтөрүлгөн жок, аны мурда 735-740 долларга сатып алчу элек, азыр миң долларга чыкты. Баанын өсүшүнүн биринчи себеби – Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо продукциянын дүң баасы 35 пайызга кымбаттаганы болду. Андан тышкары ага темир жол тарифтери, салык кошулат. Ошондой эле экспорттук чыгым бар: каржылоо, кызматкерлердин айлык акысын төлөө”, - деди Сатыкулов.
Ал азыркы учурда нефти продукцияларын импорттоодо учурда эл арасында айтылып жаткандай 5-10 сомдон пайда көрүү турмак, өздүк наркын актоо дагы кыйын болуп калганын кошумчалады.
