Дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталат
24 сентябрь

Дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталат

Бул багытта 2023-2024-жылдар аралыгында республика аймагындагы питомниктерди инвентаризациялоо жүргүзүлүп, мөмө – жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын өндүрүү жана көбөйтүү менен алектенген 15 чарбага тиешелүү статус берилди.

Натыйжада жогорку сапаттагы, сорттун тазалыгы тастыкталган көчөт материалдары менен багбандарды, фермерлерди камсыздоо мүмкүнчүлүгүн түзүлүүдө.

Башкача айтканда, статус алган питомниктерде 2025-жылы багбандарга сунуштоого 11 млн. 868 миң 703 даана мөмө – жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрү даяр болуп калды.