Улуттук банк валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасады
Кыргызстандын Улуттук банкы 26-февралда валюта базарына дагы бир жолу ири интервенция жасады. Бул ирет 162,55 млн доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.
Белгилей кетсек, бул жыл башынан бери жасалган ири интервенция болуп саналат. Буга чейин Улуттук банк эки ирет валюта базарына интервенция жасаган: 19-февралда 134,05 млн доллар, ал эми 6-февралда – 109,95 млн доллар саткан.
