Авазбек Атаханов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын Башкы директору Фарух Шахзад Рао менен жолугушуусу болуп өттү
28 март

Авазбек Атаханов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын Башкы директору Фарух Шахзад Рао менен жолугушуусу болуп өттү

2025-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын (National Logistics Corporation) башкы директору, отставкадагы генерал-майор Фарух Шахзад Рао менен жолугушуусу болуп өттү. 

Тараптар өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашып, транспорттук-логистикалык жана соода-экономикалык тармактардагы кыргыз-пакистан мамилелерин жаңы сапаттык деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Элчиси А. Атаханов Пакистан тарапка өлкөнүн акыркы 4 жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишкендиктери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана диверсификациялоо, анын ичинде Шенген аймагына окшош бирдиктүү виза киргизүү, ошондой эле бирдиктүү транспорттук-логистикалык системаны өнүктүрүү жана  түзүү боюнча саясаты тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Фарух Шахзад Рао Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгүн ачуу пландары жана КР МИ "Кыргыз темир жолу" менен Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюуга кызыкдарлыгын маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Пакистан тарап Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын ишмердүүлүгү жөнүндө презентация өткөрдү.

Жыйынтыгында КР Элчиси А. Атаханов Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясынын башкы директорун Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык жана соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жолдору жөнүндө сүйлөшүүлөрдү улантууга, ошондой эле КР эл аралык деңиз портторуна оптималдуу чыгуу маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет.

Маалымдама: 1978-жылы түзүлгөн Улуттук логистикалык корпорация (УЛК, NLC) Пакистанда гана эмес, Түштүк Азияда да алдыңкы мультимодалдык логистикалык уюм болуп саналат.