Кыргызстанда ЕАЭБге айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн эки ири логистикалык борбор түзүлөт
24 сентябрь

Кыргызстанда ЕАЭБге айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн эки ири логистикалык борбор түзүлөт

Ушул Программага ылайык соода-логистикалык борборлорду түзүүнү жана өнүктүрүүнү эки деңгээлде уюштуруу болжолдонууда. Алар эл аралык жана аймактык деңгээлде уюштуралат.

Эл аралык деңгээлде өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө 2 соода-логистикалык борборду түзүү белгиленүүдө. Алар эл аралык ЕАЭБ жана ЕС өлкөлөрүнө, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөргө агроазык-түлүк продукциясын экспорттоого багытталат.

Түндүктө Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын кызматташтыгынын алкагында 200 жумуш орду менен, 40,0 га аянтта, айыл чарба продукциясын сактоо көлөмү 3000 тоннаны түзгөн эл аралык соода-логистикалык борбор түзүлөт. Эл аралык борбор экспорттоочу өлкөнүн чек арасынан алыс эмес аймакта, Казакстан Республикасынын чек арасына жакын жерде, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан.

Аймактык деңгээлде республикада 20 соода-логистикалык борборду түзүү пландаштырылууда.

Ошентип, экономиканын агроөнөр жай секторунда соода-логистикалык системасын түзүү жана өнүктүрүү рыноктук инфраструктураны жакшыртат, агрардык секторду өнүгүүгө шыктандырат жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.