Балыкчыда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория курулууда
Ысык-Көл облусунун аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу жана эспорттук потенциалды көтөрүү максатында, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Балыкчы токой чарбасынын аймагында жайгашкан 0,40 га. жер тилкесине өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториясы курулуп жатат.
Аталган лабораторияны куруу Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан.
Лабораторияны куруу үчүн "Токой фондунун жерлери" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформация), Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан (жерди трансформациялоо) талап кылынып, тиешелүү документтердин топтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде кароого жөнөтүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2024-жылдын 19-декабрында № 767 (жерди трансформациялоо) боюнча токтому чыккан.
Ушул токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, көрсөтүлгөн жер участогу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине мөөнөтсүз пайдаланууга берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Балыкчы шаарына карантиндик фитосанитардык лабораториясынын курулушунун эскиздик проектисин АК “Долбоор” тарабынан даярдалып бүтүп, лабораторияны куруу максатында тендер жарыяланып, тендерди ОсОО “АТ Empire” компаниясы жеңип алып, куруу үчүн контракка колдор коюлду.
Азыркы учурда лабораторияны куруу иштери кызуу жүрүп жатат, толугу менен ушул жылдын 31-майында курулуп бүтөт.
