Кыргызстан менен Түркия өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн $5 млрд жеткирүүнү көздөөдө
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиядагы жумуш сапарынын алкагында Түркиянын соода министри Омер Болат менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптар 2024-жылдын 5-ноябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Негизги маселе өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү болду. Бул зор максатка жетүү үчүн конкреттүү кадамдар жана иш-чаралар белгиленди.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын (ӨАК) кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара инвестицияларды стимулдаштырууга жана соода байланыштарын тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
