Өлкөдө сүт азыктарын кайра иштетүүчү 30 инкана өз продукцияларын ири соода түйүндөрүнө жетткирет
30 сентябрь

Өлкөдө сүт азыктарын кайра иштетүүчү 30 инкана өз продукцияларын ири соода түйүндөрүнө жетткирет

Кыргызстанда сүт азыктарын кайра иштетүүчү 30 ишкана (чакан бизнести эсепке албаганда) продукциясын соода түйүндөрүнө жеткирет. Каймак май категориясында иш алып барган 18 компаниянын ичинен 8и – ата мекендик өндүрүүчүлөр. Алардын экөөсү сүт майын алмаштырган зат (СМА) колдонсо, калган алтоосу таза, СМА кошулбаган каймак май чыгарышат.

Сүт майын алмаштыруучу кошулмалар колдонулган продукциялар арзан баада болуп, сактоо мөөнөтү да узагыраак болот. Ошол эле учурда, табигый сүт азыктарын сатуу кыска мөөнөттө кошумча чыгымдарды талап кылганы менен, узак мөөнөттүү пайдасы – ички рынокто ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу, сатуунун көлөмүн көбөйтүү жана калктын ден соолугун жакшыртуу – бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерден кыйла жогору турат. 

Ал эми 10 импорттоочу компаниянын 7си өз продукцияларында СМА колдонушат. Ошентип, каймак май категориясындагы продукциялардын 70 % импорттук жана 20 % ата мекендик үлүшү СМА камтыйт.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүндө, соода түйүндөрүндөгү текчелерди сүт жана сүт майын алмаштырган кошулмаларды камтыган азыктардан бөлүп жайгаштыруу боюнча иш-чаралар эреже катары киргизилген. Бул ыкма эл аралык стандарттарга жооп берип, өзүнүн натыйжалуулугун практикада тастыктады.