Салык кызматы тигүү тармагынын өкүлдөрү жана селлерлер менен мамлекеттик колдоо чараларын талкуулады
Мамлекеттик салык кызматы
27 июль

Салык кызматы тигүү тармагынын өкүлдөрү жана селлерлер менен мамлекеттик колдоо чараларын талкуулады

Мамлекеттик салык кызматында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын, ата мекендик тигүү тармагынын ишканаларынын жана эл аралык маркетплейстер аркылуу продукциясын саткан селлерлердин катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорунун ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу электрондук соода рыногунда түзүлгөн кырдаалдын кесепеттери талкууланды. Катышуучулар белгилегендей, жаралган жагдай маркетплейстер аркылуу продукциясын экспорттогон ата мекендик ишкерлердин ишмердүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, мамлекеттик колдоонун ыкчам чараларын көрүүнү талап кылууда.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков салыктык жүктү азайтуу жана ата мекендик бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында Салык кызматы тигүү тармагынын ишканалары үчүн учурда түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзгөн бирдиктүү салыктын ставкасын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин убактылуу нөлгө түшүрүүнү сунуштап жатканын белгиледи. Ушундай эле чара, анын ичинде эл аралык маркетплейстер аркылуу товарларды саткан ишкердик субъекттерине карата да сунушталууда. Алар үчүн учурда бирдиктүү салыктын ставкасы 2 пайызды түзөт.

Бул демилге учурдагы экономикалык шарттарда ата мекендик бизнести колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жана экспортту стимулдаштырууга, ошондой эле электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Кеңешменин жүрүшүндө бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу болжол менен 30 миңге жакын ишкердик субъекти иш алып барары жана алардын саны жыл сайын өсүп жатканы белгиленди. Сунушталып жаткан чаралар Кыргызстандын электрондук соода жүргүзүү жана ишкердикти каттоо үчүн жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эл аралык маркетплейстердин логистикалык инфраструктурасындагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен жабыркаган ишкердик субъекттеринин санын аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Жолугушууда ошондой эле тигүү тармагынын ишканалары үчүн жеңилдетилген пайызсыз насыялоо программалары күчүндө экени белгиленди. Салыктык жеңилдиктер менен катар мамлекеттик колдоонун кошумча чараларын киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралышы мүмкүн.

Талкуунун жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарга андан ары кароо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.