
Жалал-Абад облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 87,2 млн сомго 61 долбоор каржыланды
Жалал-Абад облусу боюнча 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 87,2 млн сом суммасында 61 долбоор каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
- Сузак району — 7 объектиге 14,1 млн сом;
- Чаткал району — 3 объектиге 1,3 млн сом;
- Аксы району — 10 объектиге 15,0 млн сом;
- Тогуз-Торо району — 2 объектиге 3,4 млн сом;
- Токтогул району — 5 объектиге 4,9 млн сом;
- Ала-Бука району — 8 объектиге 12,3 млн сом;
- Ноокен району — 8 объектиге 12,0 млн сом;
- Базар-Коргон району — 3 объектиге 8,1 млн сом;
- Жалал-Абад шаары — 11 объектиге 8,4 млн сом;
- Таш-Көмүр шаары — 1 объектиге 0,8 млн сом;
- Майлуу-Суу шаары — 3 объектиге 6,9 млн сом;
Анын ичинен:
- 15 мектепке – 17,2 млн сом;
- 2 саламаттыкты сактоо мекемесине 1,1 млн сом;
- 28 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 46,8 млн сом;
- 6 маданий маанидеги объектиге – 11,1 млн сом;
- 6 бала бакчага - 5,7 млн сом каралууда.
- 4 спорттук курулуштар – 5,3 млн сом;